түрмөк
- Бир нерсенин түрүлгөн тобу, түйдөк.
- Бир топ, белгилүү бир топту өз ичине алган бөлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ар жактакы элдерден, / Сыйкырдуу дуба билгенден, / Булутту кармап асмандан, / Ат ордуна мингенден, / Ортонуна жыланды, / Камчы кылып илгенден, / Жетимиш киши жабырап, / Колу- бутун баатырдын, / Байлайбыз деп бастырбай, / Түркүн-түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Түрүн айтсаң түшүңдү, / Түрмөгүн айтсаң ишиңди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Муну көргөн Жаадыкөй, / Түмөн түркүн дубасын, / Түрмөгү менен салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түбү менен сал агып, / Көп жыгачтын баарысы, / Түрмөгү менен чөп агып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошондо да колунда барлар төлөп, эчтемеси жок кедейлер түрмөгө камалды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →