түркүмдө
- Ар түркүм болуу, түрлөнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыз Сайкалдай эр болсо, / Каныкейдей айалдын, / Төрт тарабы тең болсо, / Агеркечтей айтканы, / Акыл-нуска кеп болсо, / Ар түркүмдө иш тапкан, / Аруукедей уз болсо, / Айчүрөктөй асманда, / Абалап учкан куш болсо, / Кенжекедей кеңешкор, / Ар кайда жеткен арышы, / Айылда туруп сунса кол, / Кы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Эртеңки күнү баскалы, / Чатырдын көбүн түркүмдөп, / Талаага тигип таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар, / Баарыдан мыкты жасаткан, / Ышкырып учкан жебе бар, / Түрүлгөн деңиз кептенип, / Түркүмдөп чыгаар эрлер бар, / Түртүшүп чыгаар шерлер бар, / Ушул турган чынмачын, / Эмнеден кемиң бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара нээт Калдуубет, / Мындан чыгат далай кеп, / Оозунан чыкпайт адал кеп, / Түркүмдөп чыгат арам кеп, / Ойрот зорго барыптыр, / Боор токтоп жүгүнүп, / Таазым кылып алыптыр, / Туулган күндөн бер жакка, / Жумурда сырын жашырбай, / Баарын айта салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк салып амалды, / Күндө алдап түркүмдөп, / Көр Кыйаздай жаманды, / Үч жыл курсак көтөрүп, / Сак-саламат төрөдү, / Сейитектей баланы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →