түркүм
- Топ, группа.
- Түрдүү, ар кандай, түркүн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Суу каптаган селдерге, / От каптаган жалынга, / Ар бир сонун жандарга, / Түркүм-түркүм айбанга, / Жолборс өңдүү балбанга, / Бойу тоодой төөлөргө, / Ат көтөргүс дөөлөргө, / Адам билгис сыйкырга, / Учурайсың чынында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ар жаракка көнүгүн, / Абыдан тандап бөлүп ал, / Канча түркүм боло алсаң, / Душманга тийер көркүң ал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карап турган желмогуз, / Канча түркүм өнөрүн, / Сейитиге салыптыр, / Мындайды мурун көрбөгөн, / Тапан хан айран калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ойрон Кыйаз укканда, / Отуз эки толгонду, / Көөдөнгө канча ой толду, / Кашка байга Кыйаздын, / Айткан кеби бу болду: / — Көптү көрүп көп жашап, / Жаш өткөргөн киши элең, / Мындай нечен түркүмдөн, / Иш өткөргөн киши элең, / Эмине деп кеткенин, / Биле алдыңбы, уктуңбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Адамга бердиң канатты, / Түгөнгүс түркүм санатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →