түрдүү
- Ар башка, ар түркүн, башкабашка, ар кандай, бирдей эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Канаттуусу ар түрдүү, / Айбанаты сан түрдүү, / Суу айбаны канча түр, / Кургак жерде бар айбан, / Суу бетинде такыр жүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кээде туман топурак, / Обо ачык жер бүркөк, / Мындай сонун иш кылат, / Кайсы бирин айтайын, / Он эки түрдүү кубулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мээнин кабы жарылган, / Жүрбөй каны уйуган, / Сүйлөбөй тили буулган, / Айабастан иштетип, / Канча түрдүү дарыдан, / Арылган араң ириңден, / Ириң жеп тамыр чириген, / Ушундай түрдүү себептен, / Тили кечир булдурап, / Так келе албай чулдурап, / Кулагын турган чер басып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бура кайра ал тартып, / Кылчайып артын караса, / Камалаган капырлар, / Капырлардын калкында, / Канча түрдүү баатыр бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →