түргөн

китептерде 17 жолу, 5 китепте
  1. Тез, ылдам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…камчы уруп, / Манастап ураан чакырып, / Асыл шердин жанында, / Эки жолборс күркүрөп, / Шамал чыгып артынан, / Жер айрылып дүркүрөп, / Алдында сойлоп ажыдаар, / Түргөн чийдей карааны, / Бармактай кызыл меңи бар, / Кызыл бала дубана, / Суулугунан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аркасынан караса, / Ак жолборстой сын берип, / Маңдайынан караса, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Төбөсүнөн караса, / Алпкаракуш өңдөнүп, / Сонун иши дагы бар, / Түргөн чийдей артынан, / Сойлоп барат ажыдаар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бышырып жеп ташташты, / Бир эле түнү жок кылып, / Жалгыз Мажик көтөрдү, / Чогултуп баарын бир таңды, / Куйулма деген бар экен, / Көтөрүп Мажик алып барып, / Түргөн чий койуп кумду эшти, / Чийди тартып алганда, / Жылма тепсеп кум тепти, / Эртең менен кой жайып, / Шексиз кылып тепсетти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шаддаттан бери бар күмбөз, / Түргөн чийдей жыланга, / Жол тостуруп койгон кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →