түпөктүү

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Түпөгү бар, түпөк тагылган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өрт жалындай заарданды, / Түпөктүү найза ыргады, / Кыйырдап кыркты сайуучу, / Кыйалы мунун кармады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тору ат менен кырданып, / Түпөктүү найза ыргалып, / Бастырса болбой Кубатай, / Кетейин деп чыр салып, / Кабылан бала сурады, / Кайрылып басчуу неме эмес, / Ал кубатай бу дагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Түпөктүү найза желеги, / Эр Саламат баатырдын, / Эми тийди кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Дүрбүсүн катып койнуна, / Боосун илип мойнуна, / Көк түпөк кызыл найзаны, / Имере кармап алганы, / Түпөктүү найза тайанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элиңдеки эки эри, / Эми жетти сабалап, / Түпөктүү найза кармады, / Түртүшсө табат айланы, / Кутулбады баатырдан, / Коржоңдошуп барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →