түптө
- Түбү түшүп калган идиштердин ж.б. нерселердин түбүн бүтөө, түп салуу.
- Кээ бир өсүмдүктөрдүн топурагын жумшартып, түбүнө үйүү.
- Түп жасоо, түбүн бириктирүү.
- Түбүн куруу, жер пайын куруу.
- өт. Негиздөө, негиз салуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жанындагы алтымыш, / Бирин койбой өлтүрүп, / Жүрүп кетти Кененим, / Аттарын айдап олжо алып, / Кондуруп бүркүт колго алып, / Айтып барды Таласка, / Жашырбай баарын кеп салып: / — Ополдун тоосун түптөдүм, / Олуйа чалды бүктөдүм, / Кесири кана тийгени?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адам уулу жүрмөккө, / Көпүрө бар салдырган; / Түбүнү чойун түптөгөн, / Бу көпүрө бүткүчө, / Дүйнө-малы түтпөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Атынын жалын кучактап, / Чарайнасы жарылып, / Быт-чыт болду нечен кат / Бул бадырек Мадыкан, / Гүлүстү урган найзада, / Улуу Инген тоосун бир сайса, / Томоруп түптөп таштамак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Метирейдин бул жердеги жайынан башка жана Караколдо, Түптө бирден үйлөрү болучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →