түпкүлүктүү

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Туруктуу, түбөлүктүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баарысынан бир жери, / Талаага өлүк таштабас, / Түпкүлүктүү салты экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түлөөкөнү Бөлөкбай, / Дөө Кошойго жумшады, / Биздин үйгө баралы, / Кошой келер аңгыча, / Эми карап жатпайлы, / “Кишинин атын мингендин, / Эки көзү жалында, / Кишинин тонун кийгендин, / Эки көзү жеңинде”, / Айтса-айтпаса бул макал, / Түпкүлүктүү кеп эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оң-тескери сүйлөбөй, / Ойлоп туруп шайлаңар, / Өөдө-ылдый болуп калбасын, / Түпкүлүктүү пайдаңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хан көөнүң калбасын, / Бүгүн алам сулууну, / Эртең чыгам Сейитке, / Ким кутулуп ким калат, / Түпкүлүктүү кейишке?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Түпкүлүктүү жедигер, / Жетпей турат дарманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →