түпкү

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсенин түп жагындагы, эң асты жагындагы.
  2. Алгачкы, чыккан теги боюнча.
  3. Акыркы, акырында боло турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөлүнтүп келдим кыргызды, / Түгөтүп келдим айласын, / Ойлонтуп түпкү пайдасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Түпкү жайым калмакмын, / Уругум тыргоот талпакмын, / Кыргыздын туруп ичинде, / Намысын кылам калмактын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чайчыдан угуп кеңешти, / Түпкү акыл ушул, деп, / Кажылдаша кетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түштүктүн эли кошулуп, / Түпкү аты чын мачын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Семетей сайып алган” — деп, / Түпкү атагы аа калды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →