түнөр
- Караңгы тартуу, ачык болбой карара баштоо, бүркөлүү, күүгүмдөнүү.
- өт. Кабагын бүркөгөн, каарданган кейипте болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…росон менен жедигер, / Кырылып көбү түгөндү, / Кызыл кан агып жошулду, / Кыйаматка кошулду, / Кырдырып колун түгөтүп, / Хан Каракөз, Салаалар, / Кабагын бүркөп түнөрдү, / Мындан турган биз өлүп, / Испанда жаткан эл өлүп, / Эки тарап тең өлүп, / Өлүп атып түгөнүп, / Жылма болуп калбайлы, / Арабыздан бир киши, / Хан көтөрүп шай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көз байлаган бүрүлдө, / Түнөргөн бактын ичине, / Чатырды тигип агынан, / Кыйба менен Турнанын, / Кызык үнү жаңырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Күн тийгендей көрөрмүн, / Күн менен айга биригип, / Шам күйгөндөй көрөрмүн: / Сейтек эмес жат болсо, / Же түштөгүмөн пас болсо, / Туман каптап баскандай, / Түнөрүп асман жаткандай, / Жүрөгүмө кан уйуп, / Жүрбөй калып өлөрмүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Түнөргөн шаар түмөн бак, / Түмпүйүп жаткан алма шак, / Карарып турган калаадан, / Бер жагында талаадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичинде, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →