түнө

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Конуу, түнкүсүн жатып калуу, түндү өткөрүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Алтымыш бирде жашым дейт, / Аксакалдуу карынын, / Айтаары ушул болбойбу, / Күбүр-шыбыр кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Андан мурун башкага, / Бастырмак болсо бир жакка, / Күмбөзүнө баатырдын, / Бир күн түнөп алуучу, / Болсун белги, болбосун, / Бастырып кетип калуучу, / Түнүндө барбай күмбөзгө, / Эртең менен барганы, / Эки бээни алпарып, / Арбагына арнады, / Жарабай… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…руп, / Тайарлап болуп бардыгын, / Алып келген дарысын, / Жууп канын таштады, / Жаранын оозун ачканы, / Көрүп туруп жараны, / Каныкейдин айтканы: / — Ууга чылап түнөткөн, / Ок менен сени атыптыр, / Тиктеген көзүн кал басып, / Жандата атып жазыптыр, / Оорагың сага жар болуп, / Кылчайбай душман качыптыр, / Кадырлап күттүң калмакт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Так ошентип жай албай, / Аттарды кыйнап, айабай, / Айал кылып тура албай, / Ат чалдырып түнөбөй, / Азык ичип уктабай / Эрикпей жүрүп олтуруп, / Жанжүрбөстүн четине, / Кара дөө менен Кутургур, / Салышып жаткан жерине, / Үч күндө жетип келди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Германияга жөнөгөн солдаттар түнөп өтөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →