түнкү
- Түн мезгилиндеги, түн ичиндеги, түн ичинде иштөөчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачакандан кеп угуп, / Сыр айтамын деп угуп, / Түнкү менен кээри жок, / Айтат экен чынын, деп, / Ачылат экен сырым, деп, / Ачаканды бет алып, / Ачуу менен Саламат, / Атка камчы бир салып, / Жандап өтө бергенде, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– / Деп ошентип демитип, / Кыны жок кызыл кылычын, / Кармай алды сабынан, / Калдастап Ажың ошондо, / Катты алды жанынан, / Эңкейип бели бүгүлүп, / Тизесин ийип бүкүйүп, / Башын ийип түңкүйүп, / Кагазды сунуп турду эле, / Аш кайнамда катты алды, / Баш жагына таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ында, деп, / Көз айырбай карашып, / Калдуубет менен Коромжу, / Ошол кезде бул экөө, / Бет келишти жанашып, / Биринен-бири кызганып, / Көрбөгөн кызды талашып, / Түнкү болгон окуйа, / Түбүнө жетпей сурашып, / Тулпарларын чуратып, / Аркадан чаңды чубалтып, / Найзаларын сундуруп, / Койгулашып киришти, / Эрлик жолун талашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ошол мезгилде түнкү бороонго кошулуп, алыстан бир коңгуроо дабышы безеленип келе жаткандай болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Экинчиден мен муну так ошол түнкүдөй так ошол жерде болуп өмүрдү кайта көрбөймүн да.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →