түн

китептерде 700 жолу, 10 китепте
  1. Сутканын иңир киргенден таң атканга чейинки мезгили.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буйрук кылып кат жазып, / Жакын жерин үч күндөн, / Алыс жерин он күндөн, / Калбай келсин деп жазып, / Каран түн салып элине, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Сүрдүрүп келип чогултту, / Коросондун элине, / Көрүнөө салып кордукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аттанып аскер алыптыр, / Аттанбай Кокон калыптыр, / Аттанбаган себебин, / Алакең сурай салыптыр, / Басырык болуп миң чалыш, / Түндө өлүп калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыдыртып элди айдады, / Барбаган айлы калбады, / Күнү айдап төрт бала, / Түнү айдап төрт бала, / Түн айдаган күн уктап, / Күн айдаган түн уктап, / Күнү-түнүн эсеби, / Жарым ай жүрдү таскактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →