түмөн
- Он миң.
- Сансыз, өтө көп, эң көп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Куралышып жыйналып, / Баш-айагы эсеби, / Элүү түмөн кол алып, / Таласты көздөй жөнөдү, / Жедигердин Каракөз, / Акылын башка бөлгөнү, / Ажал айдап шаштырып, / Көргүлүктү көргөлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жетисуудан Шоорук хан, / Жети түмөн кол алган, / Оогандан келген Ырыскан, / Он түмөндөй кол алган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Абаң Бакай Кыргыл чал, / Кадыр, Түмөн, Шуутулар, / Кыраан Чубак, кырк арстан, / Из кубалап бараткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колуна түшүп мен калдым, / Коркуп өкүм саргардым, / Жаш элем жаным койгун, — деп, / Азар түмөн жалбардым, / Адам айткыс кеп айтып, / Алда канча каргандым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кытай түмөн кыргыздын, / Арасы жаман бузулду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →