түмпүй
- Төмпөйүп туруу, төмпөйгөн көрүнүштө болуу.
- Таң ата баштоо, таң атууга жакын калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Учканда пери тик учуп, / Көктүн чыгып каарына, / Төбөдөн ылдый тик түшүп, / Бекбачага барышты, / Айтып кабар салышты, / Нурфану аты чыкканда, / Жамандыгын укканда, / Ачык күн катуу бүркөлүп, / Түмпүйүп асман чүмкөлүп, / Үшкүргөн шамал жел чыкпай, / Кара туман каптады, / Оодарылбай Таластан, / Сасык туман жатканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…өөнү кеңир төр менен, / Өрдөк кечкис көл менен, / Кулан баскыс чөл менен, / Куулар өтпөс көл менен, / Куу тайган баскыс чөл менен, / Түрүлүп аккан сел менен, / Түмпүйгөн токой чер менен, / Артуу-артуу бел менен, / Адам жүргүс жол менен, / Бөктөр-бөктөр бел менен, / Мөмө жыгач жер менен, / Бөксөдө улуу жол менен, / Мөлтүрөп акка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…мдугум, / Жарабады бекер, — деп, / Татандан калса Сейитке, / Беттешпесем бекер” деп, / Кайраттанып бекемдеп, / Кара көзгө кан түшүп, / Жарык күн жок үстүндө, / Түмпүйгөн кара түн түшүп, / Улутунуп ич күйүп, / Эстенип чочко үшкүрүп, / Дөөлөтү качып башынан, / Мээнеты арбып кеткен кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Түнөргөн шаар түмөн бак, / Түмпүйүп жаткан алма шак, / Карарып турган калаадан, / Бер жагында талаадан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Тумпуйуп кабак бүркөлдү, / Башына туулга чүмкөдү, / Белгисин көрүп чочконун, / Белдүү шерге күч келди, / Мындай кеп ойго кетти эми: / “Карсылдашып кан чачып, / Теңдешер эми келгенби, / Алы келсе Ботогой, / Алып мени жеңгели?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →