түлөк

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Кыраан куштардын түлөгөн, бир жылдан ашкан кези, канча жолу түлөгөндүгүн көрсөтүүчү жаш өлчөмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жалгыз бала Бакытбай, / Жашы толуп жетелек, / Балапан жүнү бата элек, / Балтыр эти ката элек, / Аттанып жолго баса элек, / Быйыл чыкты он үчкө, / Жаңы түлөк жаш эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арстаныңдын Акшумкар, / Түлөктөн чыгып жетилген, / Сегиз айдан бер жакка, / Учпай туруп эриккен, / Эркине койсо күн бойу, / Эринип калбайт тебиштен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бозум түлөк чагынан, / Ат көтөрбөй жөө жүрүп, / Алп атанган ал Сейтек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Байлап койсом өлөт, деп, / Агийиндей шумкарды, / Агытып кетип калганбы, / Олуйанын үйүндө, / Үч түлөгүн түлөгүн, / Жаныбарым Агийин, / Асмандап учуп бул жерге, / Бирге кабар салганбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү сурмалуу, / Түлөк куштай кылтыйган, / Баатыр Сыргак хан ошо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →