түлкү

китептерде 235 жолу, 9 китепте
  1. Иттер тукумуна кирүүчү сүт эмүүчү жырткыч айбан.
  2. өт. Куу, кытмыр, митаам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сүлөсүн бар, чөөсү бар, / Түлкүсү бар, суусар бар, / Карсак менен кашкулак, / Аралашып буда бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Түлкү тойут таам берди, / Суусунга кымыз бербеди, / Ашып калган кымызды, / Сабаага куйуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кыймылдарга чама жок, / Тирүү, өлүүсү билинбей, / Түлкү бойдон жан кетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →