түйүндүү

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Түйүнү бар, түйүнү көп.
  2. өт. Жашырын сырдуу, чечилүүнү талап кылган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Топчулугу үзүлүп, / Сооттору сүзүлүп, / Калкандары быркырап, / Чарайнасы чытырап, / Барган сайын Асылдын, / Азуулары кычырап, / Чыдай албай хан Калдык, / Бир түйүндүү кеп айтат: / — Кийерге соотум калбады, / Чыгып кетти далдалы, / Курал сынса жаңылап, / Курал алыш наркта бар, / Тон жыртылса тон бүтөп, / Кийе турган салтта ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жакып менен жайлашып, / Түйүндүү кепти байлашып, / Буурултокой, Чаганды, / Орто жерде араны, / Өткөзүп берип Жакыпка, / Хан кылып кагаз бериптир, / Бай Жакыптын колуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп келип Гүлнард… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →