түйшүк

китептерде 50 жолу, 8 китепте
  1. Убара, убаракерчилик, азап, мээнет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Малабектен кеп угуп, / Эки хан өлдү деп угуп, / Козубек менен Алабек, / Өлүгүн алып келгин, деп, / Алдырып келди өлүктү, / Жалгызектин Бактыбай, / Салмак болду түйшүктү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Таласка барып эл талап, / Бүлүк салат экен, — деп, / Бейкут жаткан кыргыздар, / Түйшүк тартат экен, — деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлонду, / Көөнүндө буга токтолду, / Көмөрүп башка кийгени, / Көл тем… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайта айланып кыргызга, / Чоң түйшүктү салалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мында келсе Кутургур, / Жерге салат бүлүктү, / Элге салат түйшүктү, / Аттаналы, Гүлүстөн, / Бүтүрөлү бул ишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жыл сайын айдап, мал алды, / Ар качан салып түйшүктү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →