түйрүк
- Эрди калың жана сыртын карай имерилген, түйрүйгөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ээрди түйрүк кең курсак, / Кең көкүрөк шум дагы, / Желмогуз чыкты деп уктум, / Калтырбай баарын мен уктум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Канкордун уулу хан жездем, / Мен уккамын карыдан, / Эрди түйрүк кең курсак, / Ногойлордун баарынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзү далысы бир кез келген, болук, дордок бет, эрди түйрүк, кабагы бийик, кыпкызыл көзүнүн ары жагынан эрдиги жайнап тургандай неме эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →