түй

китептерде 189 жолу, 10 китепте
  1. Жип-шуунун учун тоголок кылып байлоо, бекитүү, түйүн болгудай кылып байлоо.
  2. Түйүнчөк кылып ороп, байлоо.
  3. Жиптен ар кандай кийимкечелерди ж.б. токуу, согуу.
  4. Эсте сактоо, көңүлгө алуу, унутпоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичин… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буудайык хандын Музбурчак, / Сакалы келген бир кучак, / Саадагы күмүш, карк алтын, / Салтанаттуу көп казак, / Жеткен экен жол менен, / Сексен төрт санча кол менен, / Кол эсебин алды эле, / Колун катка салды эле, / Өзүмдүн досум дегенсип, / Көк жоргосун түйүлтүп, / Куйругун жерге шүйүлтүп, / Баштап Бакай жөнөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки канат бүктөлүп, / Түйүнчөк болуп түйүлүп, / Канатынан куу чыгып, / Шуулдаган үн чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Арамдыкты көөнүнө, / Түйүп келди, Канчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →