түзөң

китептерде 7 жолу, 6 китепте
  1. Тегиз жер, кичирээк түздүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Түзөңдүн болот аңдары, / Токойдун болот каманы, / Беш манжаңды карап көр, / Бардыгы текши турабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп желмогуз, / Желип барат талаада, / Аркасын карап кылчаңдап, / Чаң чыгарбай шарт койуп, / Айнектей талаа түзөңгө, / Кара туман чаң толуп, / Эки көзү чакчаңдап, / Чубалып чачы саксаңдап, / Шамал ыргап чачтары, / Жазыла түшүп бакбаңдап, / Ачып таштап көөдөнүн, / Жүгүрүп барат дактаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…генде, / Айчүрөк, Гүлүс, Сейтек, / Кутубайды кошо алып, / Жети суудан аттанып, / Керменбай менен болжошкон, / Колунда кагаз катталып, / Таласты бетке алышып, / Түзөнгө келсе жарышып, Жүрөктөрү жарылып, / Мээрин жутуп абанын, / Бүткөн бойу балкышып, / Темир тоонун кырына, / Тарашанын сыртына, / Салып чыгып барышып, / Турнабай … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Анда бир киши кез болуп, / Жолуккан киши кеп айтат: / «Жолуң болсун деп айтат, / Түзөң качып, түн катып, / Унаа минбей жөө басып, / Кайсы жактан келесиң, / Кайсы жакка барасың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Балапан күнгө кактанып, / Канатын тарап чакчайып, / Кагынып кайтып түзөнүп, / Дүмдүйсө жүнү саксайып, / Учуп кетти бир күнү, / Көкүрөк керип төш жайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →