түзүк
- Жакшы, дурус, жаман эмес, жакшы дээрлик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түзүк киши эмес деп, / Кантсе ушу Каракөз, / Ачык сырын билем деп, / Аттуу туруп эшиктен, / Каракөздү чакыр деп, / Карап турду Калдык хан, / Шектенип калган Каракөз,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мөңкөтай деген немеле, / Элден чыккан илегер, / Сынык менен түзүктү, / Сокур менен бучукту, / Ич оору менен өтмөнү, / Өпкө оору менен өзгөнү, / Эркек эмес катынды, / Ооругандын баарыны, / Эбин тапкан эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ргак баратат, / Болушунча камчылап, / Алдындагы Телкызыл, / Борбуйдан тери тамчылап, / Аралык алыс көп күндүк, / Ээр белес кез болсо, / Эргитип ашып баратат, / Түзүк жерде чуу койсо, / Аркасында чаң калат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз миң бай конокко, / Келген элдер топ болуп, / Үй башы сайын конот го, / Отуз бээси туугандар, / Түзүктөн конок кыла албай, / Уйат кылып койот го.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Былтыр кичине түзүк эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →