түз1

китептерде 344 жолу, 10 китепте түз 2 →түз 3 →
  1. Тегиз, уңкул-чуңкулу жок.
  2. Ийри-буйру эмес, кыйшык же иймейиңки эмес, шыргыйдай.
  3. Тегиз жер, мейкиндик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ага киши чаптырып, / Арпанын түзү жайыкка, / Беш күндө тайар болсун деп, / Абдан мыктап айттырып, / Алматыда ак кубак, / Токсондон жашы арткан чак, / Баатыры бар Курмушу, / Буга киши жиберди, / Таласта бар Татыбек, / Башында бар касиет, / Колуң менен жүр деди, / Саны болсун миң деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…еп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бөлүндү жол ачып, / Тору аттын жетти жанына, / Төрө жолборс түз басып, / Ыйлап калды торгой кыз, / Аркасынан көз сатып: / “Не болсо да Чигитей, / Жүзүмдү көрүп калсын – деп, / Көзүнө толсом баатырдын, / Көөнүнө мени алсын “… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элиме келдим дегенсип, / Эрдемсип мойнун толгосо, / Кекиликтей мойнунан, / Тетир толгоп үзөйүн, / Ийри жерин түзөйүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оорагы Манас уулумда, / Оңой эмес Сыргагым, / Жоошуп туруп түз айтат, / Акылы терең Серегим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →