түгөт2

китептерде 135 жолу, 9 китепте
  1. Азайып жок болгуча керегине жаратуу, жок кылуу, жумшоо, аягына чыгуу.
  2. Кандайдыр бир ишти, аңгемени ж.б. аягына чыгара аяктоо.
  3. эск. Жоюу, жоготуу, жок кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бөлүнтүп келдим кыргызды, / Түгөтүп келдим айласын, / Ойлонтуп түпкү пайдасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Буйрук кылып кат жазып, / Жакын жерин үч күндөн, / Алыс жерин он күндөн, / Калбай келсин деп жазып, / Каран түн салып элине, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Сүрдүрүп келип чогултту, / Коросондун элине, / Көрүнөө салып кордукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…үн чагылып жалтылдап, / Токтоно албай кара жер, / Каарданып сурданып, / Карагай найза колго алып: / — Адамсынган бурутту, / Астын-үстүн салайын, / Амалын такыр түгөтүп, / Айдап келе калайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Балакеттүү Коңурбай, / Баштап келип бул жерге, / Түгөтмөкчү кеп экен! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →