түгөнгүс
- Түгөнбөс, абдан көп, мол.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргыз деген кысталак, / Кырып жатса түгөнгүс, / Уу тукумдуу санталак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тамак оору болобу, / Анын өтүн табышып, / Коктунун баары түлкү экен, / Бул түгөнгүс мүлк экен, / Ириңдеп эти ырбабас, / Мунун өтү дары экен, / Сүлөөсүнү көп экен, / Биздин элде ханда жок, / Ошол үчүн келиндер, / Ичик кийген кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…нө, / Хан тагын жерге урам, -дейт, / Чарбасын айдап адырдан, / Чарбагын тартып жулам, — дейт, / Каңгайга чейин барам, — дейт, / Калтырбай элди чабам, — дейт, / Түгөнгүс арман муң кылып, / Тумтак түндү салам, — дейт, / Шооруктун кызы Накылай, / Тартып алып Манастан, / Тирүү жесир кылам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түгөнгүс дүйнө зар менен, / Жоо жарагын эң кенен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Адамга бердиң канатты, / Түгөнгүс түркүм санатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →