түгөнгүр
- Жемелөөнүн жумшагыраак түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайлардын Саранжа, / Башы бышкан түгөнгүр, / Канча карчаш мындайда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түбүбүз бирге эмесби, / Бу түгөнгүр меники, / Кубатай менен Ырыскан, / Кимиси жеңип ким алат, / Урушуп жатса ал экөө, / Талап алсаң жедигер, / Атага наалат ат калат, / Өзүңө калат жаман ат, / Сабыр кылып байкап тур, / Айагы болот кандайрак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, чойун баш, / Кетелек менен сом темир – / Баарысын билет түгөнгүр, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баарын билет Талана.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты караса, / Жерге кирген Макил дөө, / Мас болгон нардай зенгиреп, / Келе жатат түгөнгүр, / Жерди карай кенгиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тоодой болгон түгөнгүр, / Хан Кыйаз турат тобунда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →