түгөй
- Бир нерсенин жубу.
- Эрди-катындын бири, жуп нерсенин бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Кененим, жүргүн деп, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз түгөй шерди алып, / Жалгызектин Бактыбай, / Жандан ашкан эрди алып, / Жергенин Сары талаасын, / Жүрүп кетти бетке алып, / Баш кошкону төрт киши, / Бир жүз төрттүү үч киши, / Толук билбейт бир иши.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алмамбет, Чубак эгиздер, / Эки түгөй шер барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эшиктен чыга бергенде, / Алты жашар баладай, / Кызыл бала жылаңач, / Чылбырына асылып, / Эки түгөй сур бөжөк, / Үзөңгүгө жабышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ырыскымды түгөтпөй, / Эки итке бактырдың, / Эки түгөй күчүктү, / Тууганымдай бел кылдым, / Тулпарды минсем урушка, / Агызып бойун тер кылдым, / Мендей нечен муңдуунун, / Көзүнөн жашын сел кылдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын колунан келет, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →