түгүл

китептерде 36 жолу, 9 китепте
  1. Бири-бирине каршы коюп белгилеп салыштыра кароо маанисинде же күчөтүп-тактоо, баса көрсөтүү маанисинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мындан мурда мындайды, / Кабылан тууган Бекбача, / Көзү менен көрбөгөн, / Көрмөк түгүл укпаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катуу тийди баатырга, / Кубатайдын бул кеби, / — Сен Кубатай коросон, / Мен Чигитей ойлосоң, / Бармак түгүл Кеңколго, / Кетпейсиң тирүү сен болсоң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
терисин, / Дегеле киши билбесе, / Жапа кундуз, ит тери, / Жанына киши барбаса, / Кыркып койдун жүндөрүн, / Талаага таштап эл көчсө, / Аны киши албаса, / Алмак түгүл жанына, / Жакын басып барбаса, / Агын суулар бул туруп, / Жандатып арык чаппаса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кутургурдун найзасы, / Отуз жети бөлүнүп, / Колунда калбай кыйрады, / Жыгачы түгүл темири, / Алты жерден сынганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Алмак түгүл кылына тие албайсың. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →