түбөлүк

китептерде 33 жолу, 8 китепте
  1. Дайыма, такай; өмүр бою, биротоло, акыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Барбаса Асыл аркаңдан, / Жедигер менен коросон, / Хан Каракөз, Салаадан, / Биз айтабыз күбөлүк, / Ким болсо хан испанга, / Элге да болсун түбөлүк, / Кол кармашып үч улук, / Көкбөрүгө кошулуп, / Түбөлүк доор сүрөлүк, / Эли кимди көтөрсө, / Бүткүл испан элине, / Ханы ошол түбөлүк. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…бытай, / Коргонго кирип бекемдеп, / Карап туруп Кененим: / “Өткөрө сайбай боорунан, / Кабылдай сайган экемин, / Энөөлүк кылып элебей, / Эл козголуп чайпалды, / Түбөлүк болуп ченебей, / Найзаны сайып мылгытып, / Көгүчкөндөй сыргытып, / Кете берсем ыргытып, / Эндекей элге убал, — деп, / Эми эле мени кырам, — деп, / Карапайым бу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ан сайын чыңып тагыбыз, / Ачылган экен багыбыз, / Экөөңдүн көзүң өткөнчө / Сынбайт экен шагыңыз, / Көктөй берсин түбөлүк, / Таалай аттуу багыңыз, / Келе турган Алмамбет, / Кең көкүрөк сом далы, / Туткандын чыгар далдалы, / Булкушуп душман беттебес, / Бул замандын балбаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– деп, / Көөнүндө күбөөлүк, / Кутургурду Куйалы, / Сыр найза менен жеңет, — деп, / Кутургур жеңип кете албай, / Ушу турган Куйалы, / Түбөлүк бүлө экен” – деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Эми сен экөөбүз түбөлүккө коштошобуз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →