тээкте
- Тээк коюу, тээкти өткөрүү.
- Жипти ж.б. толгоп буроодо тээкти, таякчаны колдонуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ени кызыл дейилда, / Келишимдүү залкайып, / Булгаары тердик беш кадак, / Бурчунда, чеге жаркылдап, / Кундуз менен жээктеп, / Куйушканын байлабай, / Күмүш менен тээктеп, / Үзөңгү күмүш жалтылдак, / Тогоосу алтын жаркылдап, / Артайыл, тогоо алтындан, / Сарамжалы артылган, / Ээр-токумдун жанында, / Бара албай киши тартынган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сыртынан кызыл жамынып, / Боз уландар куш салып, / Кайрыма, чүрөк, куу алып, / Ак тайлактай чоң кууну, / Байланып жанга кубанып, / Кекилик менен чил алып, / Айырдын четин жээктеп, / Канжыгадан ашканын, / Куйушканга тээктеп,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ырма менен чүрөк тээп, / Качкандарын бөлөк тээп, / Сарала мойун соно тээп, / Салыңкы канат кунас тээп, / Агын сууну жээктеп, / Канжыгадан ашканын, / Куйушканга тээктеп, / Кечке дейре куш салып, / Кекилик менен чил алып, / Калың көздөй бет алып, / Токойдо жүргөн бугуну, / Топ-топ жүргөн кайберен, / Кутулган бирөө болбоду, / Эр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жел боосу жез чынжырдан, / Ыгы менен кылдырган, / Баш босого сом алтын, / Жан босого ак күмүш, / Керегесин көктөбөй, / Сары жез менен тээктеп, / Төтөгөнүн этегин, / Төрт эли кундуз жээктеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Керегесин көктөбөй, / Сары жез менен тээктеп, / Ак этегин үйүңдүн, / Кундуз менен жээктеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →