тээ
- Алыстагы бир нерсени, алысты көрсөтүү, билдирүү үчүн колдонулат.
- Тактоо, аныктоо маанисин билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дегенди сурай калды эле, / Конушбай айтат ошондо: / — Тээ алыстан көрүнгөн, / Жайылып жаткан жалтырак, / Лопнурдун көлү эмеспи, / Ушул турган белибиз, / Алдайгырга ашуучу, / Чиндилдин бели эмеспи?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Тээ каңгайда калган таңгытты, / Көчүрүп кийин алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…деп, / Куу түлкү кармап алалы, / Куу Коңурбай тажаалга, / Туйундурбай баралы, / Түртүшүп калба салалы” / Деп ошентип баатырлар, / Ат үстүндө чалкалай, / Чирене тээп үзөнгү, / Кебирлери кайкалай, / Кобураба, шүк дешип, / Куу түлкүнү издешип, / Түрсүлдөтө бастырбай, / Түлкүгө шыбыш алдырбай, / Алчактатып тулпарды, / Артын бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бет алганыбыз тээтиги көрүнүп турган кара тоонун алдындагы дүкүйгөн бак.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →