тыңы
- Тың, бышык боло баштоо, оңолуп ден соолугу жакшыра баштоо, күчүнө келүү, күч алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Угушум, түбү шер экен, / Кылган ишин сурасам, / Өзү жаштын тыңы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Басма катын болгунча, / Келинжыр өлүп тынычу, / Кептин түбү мана ушу, / Ал көрөкчө жабылып, / Мужундай балбан катынга, / Жардам кыла кетели, / Колго тийсе коросон, / Койдой башын кесели, / Эриндиктен тешели, / Коктукат карай кетели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайрылып Жакып келбеди, / Артып калган буудайдан, / Иш акына бергени, / Мен-менсиген тыңынан, / Далай киши келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тыңы менен чабалын, / Тебетейдей ыргытып, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Каскактын учун кан кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Отуз эки эр келген, / Ошолордун ичинде, / Менден тыңы ким деген, / Атым менин Карөпкө, / Кантип берем кезекти, / Карап туруп бөлөккө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →