тышта
- Кийимдин сыртын жасоо, тыш каптоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Толук эмес, кеми бар, / Тыштан кийер тону жок, / Атылган октон шеги бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ачса көйнөк Гүлчоро, / Арасында сүрөт бар, / Сүрөткө кошкон каты бар, / Айчүрөктүн аты бар, / Баарын көрүп Гүлүстөн, / Сейтек жаткан бир үйгө, / Таштап койуп сүрөттү, / Билмексен болуп Гүлчоро, / Байкап тыштан күзөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ “Келиптир менин багым — деп, / Семетей тышта болгондо, / Тийбейт эле чагым” — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Тышта кутурган бороон карды челип, ыргытып турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →