тыткыла

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Абдан тытуу.
  2. Талоо, таламайга алуу, туш-тушунан асылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бака менен коңуздун, / Жылан менен доңуздун, / Төөсү менен эшегин, / Чыркыратып тыткылап, / Тирүү жерди неченин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ал кыргоолду кылтактайт, музду бузат, жаанды болсо эч тоотпойт, жерди тыткылап айдайт, токойду тыптыйпыл кыркат, өрттү, шамалды өз пайдасына жумшайт, чөптү чаап алат, койду союп жейт, мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборстун жанын чыгарып жок кылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →