тыт2

китептерде 32 жолу, 8 китепте тыт 1 →
  1. Туш келди барчалап айруу, жыртуу.
  2. Жүндү, кебезди кол менен бири-биринен ажыратып, майдалап созуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кашкайып талаа жыртылып, / Жердин бети тытылып, / Чаңдап калган ак чыйыр, / Жүрүп турган сары жел, / Топуракты учуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кабылып калган немесин, / Кармап тирүү тытып же, / Бели сынбайт кыргыздын, / Антпегенде дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аркасын карап: -Сен, — деди, / Жекеге чыгам мен — деди, / Кайда кеттиң Коңурбай, / Коркуп качкан Манасын, / Көрсөтүп мага бер — деди, / Алмамбетиң канаке, / Боорун анын тытамын, / Мага болсун жем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олпогун сүйрөп жүргөн көп, / Оңүрү кетип жыртылып, / Далай тону бул элдин, / Дал-дал болуп тытылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Ырысы жок, тонуңду эмне тыттырып алгансың?— деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →