тырмала

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Тырмоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сакал буурул, мурут ак, / Булкулдаштык ушул жак, / Кеткен экен биздерден, / Кайрат кылар жаш убак, / Акылман кайран Алакең, / Караса аны байкастап, / Намысы жок бу айар, / Оозу сүйлөп кажыдап, / Темир боолук жанында, / Чечип жатат тырмалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Шааысмайыл ичейин десе күчүк колдон тырмалап ичирбей коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →