тырмак

китептерде 16 жолу, 6 китепте
  1. Колу-буттун манжаларынын учундагы мүйүз сыяктуу бөлүгү.
  2. Тырмоок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Билесиңби сен өзүң, / Башыңдан өткөн ишиңди, / Куйкаңды тилип туз куйуп, / Унутулгусуз иш кылып, / Таманыңа шиш кагып, / Тырмактарың жок калып, / Бүткөн бойуң көк тулуп, / Көкүрөктө тынуу бар, / Ооз-көзүңдүн дайны жок, / Тааныбай киши жатканда, / Айыктырган Мөңкөтай, / Аттардан ылгап карматк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Канатым элең учурган, / Куйругум эле кондурган, / Тырмагым элең алдырган, / Көк мейкин зоодон бийигим, / Караса көздү талдырган, / Чеп элең элге кармаган, / Чер элең токой кармаган, / Карааным Чубак сен элең, / Карааны… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Матырып тырмак так салмак, / Баш кошуп баары биригип, / Баашадан алат алтын так, / Эл башкарып журт багыш, / Кабылан Манас тукуму, / Ушулардан үлгү алсак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көк букачан Мадыкан, / Күңгүрөнүп бул айбан, / Кошуна барып далпайып, / Ашпоздору ашыгып, / Жапа тырмак камдашып, / Жалгыз жеген тамагын, / Жамактап аз айталык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир жез тырмак келини бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →