тыным
- Дем чыгарып, дем алган убакыт, бир аз убакыт.
- Эс алуу, тынч алган абал.
- муз. Музыкалык чыгарманын бир же бир нече үнүнүн белгилүү бир убакытка токтоп, тыным алышы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Түндө чырым албады, / Түнүндө чатак салганы, / Күндүзү тыным албады, / Сайышкан бирден балбаны, / Өтүп барат далай күн, / Бешөө келип чогулуп, / Бир баланы албады, / Кезектешип беш каапыр, / Бирден-бирден барбады, / Күндө уруш чуу менен, / Жердин бети чаңдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Күчала жеп катыны, / Үйдө өлдү селейип, / Дабытайдын тактасын, / Тапшырып берип бирине, / Кененим шаардан аттанды: / “Кайда кетти Дабытай, / Бир күн тыным албаймын, / Аны таап баш албай, / Таласка барып кыргызга, / Айтып койуп журтума, / Андан кийин жөнөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кара дөөдөн кеп алып, / Кержекти минип аттанып, / Токой жөнөп алыптыр, / Түн уйкусун бөлүптүр, / Күн тынымды койуптур, / Бешинчи күн дегенде, / Жеткен жери токойдун, / Кең кол ата болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул экөөндөй кыйын жок, / Күнү-түнү тыным жок, / Ойрот кылыч чаптырбай, / Сомбилек кылыч кактырбай, / Эбегейсиз урушту, / Эпсиз болгон жумушбу, / Кабуусун таап чоң Ойрот, / Сомбилектин кылычын, / Как белинен сындырды, / Эми жеңип алам, деп, / Анда Ойрот жылмайды, / Сомбилекте жарак жок, / Ичи жалың, боору чок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →