тынчтык

китептерде 16 жолу, 8 китепте
  1. Жымжырттык, ызы-чуу жоктук, бейкуттук, согуш жок тынч абал, чыр-чатаксыз тынч абалда жашагандык.
  2. Мамлекеттер ортосунда согуш, куралдуу аракеттер болбогон, жайынча абал.
  3. Согуш аракеттерин толук токтотуу жөнүндөгү согушуп жаткан жактардын ортосундагы келишим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бирин бири сайалбай, / Бир кабуусун табалбай, / Жаман катуу урушту, / Деги тынчтык алалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал экөөнү көргөндө, / Ар неме ойлоп ичинде, / Алып учуп желдеди, / Тынчтык бир дем бербеди: / “Атам душман болоордо, / Так ушундай бир белги, / Көрдүм эле мен – деди, / Кытайдын чети күн чыгыш, / Кара жүз каапыр эл – деди, / Уккан жерде жүрөгүм, / Тийгендей камчы зилдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кошуп койду Картыке, / Айагында бир кепти: / — Тапан хан алчу сулуу кыз, / Кыргыздан качып келгели, / Бизге тынчтык бербеди, / Тапан хандын Сейиттен, / Кырылып кетти элдери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Андан алып илдирип, / Мындан алып илдирип, / Тынчтык бербей кайыпка, / Илбесинди бүлдүрүп, / Буурул ат белин ийиптир, / Каз өрдөктү көп алып, / Канатын жерге чийилтип, / Ит агытып куш салып, / Илбесинди көп алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…рбеген, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Эрдин баарын тилдеген, / Калдайлык өкүм колунда, / Кат жазып Ойрот ушуга, / Өкүм менен кел деген, / Алып учуп жүрөгү, / Аслии тынчтык бербеген, / Каарданды, бузулду, / Ач карышкыр түрдөнүп, / Сомбилекке умтулду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →