тынч

китептерде 181 жолу, 10 китепте
  1. Уруш-талашы, ызы-чуусу, бака-шакасы жок, жымжырт, бейкут, ыңгайлуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайнатама айткыла, / Эт көйнөгүн айабай, / Мага берсин кайнатам, / Кайненеме айткыла, / Сабыр кылсын ыйлабай, / Тынч жаткырсын жерине, / Нурфануну кыйнабай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чарчаганда дем албай, / Чай кайнамга тынч албай, / Дем өткөрүп бир тынбай, / Талана айтат талабын, / Кененимге туралбай: / — Элким келген, Кененим, / Эдегенде мен сенин, / Эр экениң билбедим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туубай үч жыл куру калды, / Эки жыл кетти жоголуп, / Табылбай чаар бээ койгондо, / Күндө суроо салгамын, / Элдин тынчын алганмын, / Короого келип калыптыр, / Үчүнчү жылы бул малым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жоо келди көрдүң далбактап, / Эки путу салбактап / Койо берсек бу жерден, / Таласка шыдыр барбайбы, / Уктап жаткан тынч элге, / Жуушап жаткан көп малга, / Төрдө олтурган чалдарга, / Жылаңач көтөн балдарга, / Чоң мүшкүлдү салбайбы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошондон кийин эки эл бир нече кылымдар тынч жашап калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →