тынар

китептерде 22 жолу, 7 китепте
  1. Куштун абдан кыраан түрлөрүнүн бири.
  2. өт. Жөлөк, таяныч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өлгөн адам жер толуп, / Аккан канга сай толуп, / Адырга жылкы-ат толуп, / Кузгун чукуп көз ойуп, / Киши этине жабылып, / Учарлыктан тынарлык, / Баары келип чогулуп, / Кажырлар учуп калдаңдап, / Канаттары далбаңдап, / Айры куйрук, кулаалы, / Учуп жүрөт салбаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…лам, — дейт / Карманап менен хан Манас, / Экөө экен куда, — дейт, / Кудалыктан экөөнү, / Кыламын такыр жудаа, дейт, / Доңуздан бетер коркулдайт, / Тегеле көңүл тынар сөз кылбайт, / Чалып салар каманбы, / Кетирди маңгыт амалды, / Аттанып жөнөп келемин, / Эр Манаска баргалы, / Жиберди мени Карманап, / Ошого кетип барамын, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдынкы сынын караса, / Чубар десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз десе эп келет, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Же тууган балам болбосо, / Карап жүрөм кимге — деп, / Калган кыргыз мейли — деп, / Акун хандын шаарына, / Учуп кетип тынарбы?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…стен там салган, / Кылымда өжөр бул элден, / Гүлкакыдай кушту алып, / Чыңыртып туруп Чыңгышты, / Чыныкени кошо алып, / Жүйрүндүн тилин сууруп жеп, / Учарлыктан тынарлык, / Агыны дайра чыккан чөп, / Баарынын тилин билиптир, / Түгөнбөгөн олжо алып, / Андан кийин Таласка, / Батыш менен чыгыштан, / Канчасы келди кур алып, / Бирине… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →