тымызын
- Ачык эмес, алдыртан, жашырын, билинбестен.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…а бала ээ болбой, / Ойноп турат кайсаңдап, / Текечинин темир көк, / Койкоңбайдын Койчабдар, / Сугатчынын Карасур, / Жыгашчынын Көкала, / Жылтыркандын Торала, / Тымызындын Сарала, / Чоң вазирдин атактуу, / Каракашка аргымак, / Ысык жерде өскөн мал, / Жал куйругу бир кучак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тымызын барып тил албай, / Бүтөт кандай жумушуң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз алашты, / Олутуна кондуруп, / Жыйырмага хандытолтуруп, / Дуулап турган кезинде, / Чубактын уулу Канчоро, / Канжуткордун бири ошо, / Жедигердин Кыйазды, / Тымызын ичтен колго алып, / Таласка келди жол салып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ирегеде бир ээрге жөлөнүп, бир бутун чала сунуп таштап, колун куушуруп, калпагын кабагына баса кийип, бирөөнүн тымызын сырын тартып отурган немедей, унчукпай гана дулуюп, үйдүн ичин көзүнүн алды менен уурданып карап отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн Түкөң тымызын култ эттирип алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →