тый

китептерде 55 жолу, 9 китепте
  1. Жол бербөө, токтотуу, коюу, уланышына жол бербөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мабу жерде үч урук, / Айтышыңча, Мадана, / Бүгүнкү күнү түш менен, / Аттанат аскер чубуруп, / Саатына кетип Шооруктун, / Кетет экен кан агып, / Санаксыз киши кырылып, / Келген экен бул иттер, / Коросон, ооган, жедигер, / Калбай баары жыйылып, / Мындан кийин бул үчөө, / Келгис болсун Таласка, / Кан буугандай тыйылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…үрөгүн ала жүгүрүп, / Сугатчы келет тартаңдап, / Белин бекем курчанып, / Ийри орогун белге алып, / Орокчу келет кыйкаңдап, / Эрин ээрчип жүгүрүп, / Катын келет тыйтаңдап, / Жонунда жоор тери жок, / Аттары келет кыйшаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Жолдошторун сынады, / Арстандык түрү тарады, / Азаматтарын сынады: / — Жаактууда жанашпас, / Таалайың адам талашпас, / Тыңдуусунуп тиркешип, / Тилдүүдө бирөө тыйа албас, / Арзандык менен бул тонду, / Кыргыздын уулу кийе албас, / Бий болдуңуз, ажым, — деп, / Бийлик тонду алың, — деп, / Кыпкызыл түлкү жакасы, / Кара баркут… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Суркойондой күлүктүн, / Соорусунан сылады, / Көзүнүн жашын тыйбады, / Как какшап жана ыйлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →