тыбыра1

китептерде 9 жолу, 7 китепте тыбыра 2 →
  1. Буту-колун тыбырчылатуу, буту-колун тез-тез серпип кыймылдоо, тыбырчылоо.
  2. Токтоно албоо, чыдамсыздануу, чебелектөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…айан – / Баары чыкты кыбырап, / Өлбөгөн тирүү немеси, / Бири калбай мыдырап, / Жаңы алысын чөп чыкты, / Жердин бети жыбырап, / Алар кабар угузду, / Жетип келип тыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
чыгарып шуулдап, / Жалбырактар дирилдеп, / Жайылып жаткан жазы кум, / Жан киргендей шырылдап, / Таштын баары мыдырап, / Кескелдирик, ташбака, / Айласын таппай тыбырап, / Чиркей учпай кыңылдап, / Баатыр бала Сейитим, / Элебей турат зымырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Балтаны тартып алганда, / Катуу чапкан сом балта, / Мээсине орноп калганда, / Төрт айагы тыбырап, / Өкүргөн үнү көк жарып, / Көк бука өлүп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Зым-зым өтүп зымырап, / Сүйүнгөндөн кара тер, / Бүткөн бойдон жыбырап, / Кара кашка аргымак, / Токтобой турат тыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Буту тыбырайт, кийин булакка бүт денесин малгын, "ушунча уктаган экен-мин" деп тура калат, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →