туяк
- Малдын бутунун жерди басуучу мүйүздүү бөлүгү.
- Малдын башы.
- өт. Бала, эркек бала.
- сейр. Бүркүттүн тырмагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бирдеше келген кол болсо, / Бир сүйлөшүп көрсөкчү» — / Деп, айтканда Сары хан, / Макул көрдү Бакай хан / Анда баатыр Гүлчоро, / «Өзүм кабар алам,» — деп — / Суркоен башын чулгутуп, / Туяктан чаңын бургутуп, / Колго кар жөнүндү, / Элестетип дөбөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Өзүңөр билесиңер, көчүрүп жеткиргендей менде жалгыз аттан башка туяк барбы, айланайындар!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир малдын басып кеткен туягына бир кара төлөйбүз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Нечен ажыдаарлар, тулпардын туягын чагып өттү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →