туюкта

китептерде 2 жолу
  1. Туюк кылуу, бүтөө, жылчыксыз кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ошол арада мен бар уйду жыйнап айдап келип көгөргөн бир иримге туюктап, камап салдым да, өзүм бир жагынан тосуп туруп алдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бир жагынан өзгө тарабынын баары туюкталып, орто жери кол менен жасалгандай кайкайып барып, экинчи жагына арта салынып, салаңдап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →