туштук2
- Туура келүүчү, ылайыктуу.
- Туш болуу, кез келүү, дуушар болуу, жолугуу, кабылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жабык баш, туштук, чырмак чий, / Жуп секичек көшөгө, / Үйдүн ичи бөлөкчө, / Көз уйалып жаркылдайт, / Тегеретип көргөнгө, / Атактакы үйлөрдүн, / Желбоосу жез чынжырдан, / Чамгарагы жылт карай, / Үй санаты бир далай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кажары согуп таңдайлап, / Гүл төгүп туштук сайышып, / Кашкулак, жолборс, бөрү ичик, / Карылары жамынып, / Жамбашына жумшактап, / Айуу талпак салынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эрен Чубак туптуура, / Күн батышты бет алып, / Алтын казык жылдызды, / Оң ийинге түз алып, / Жолоочу деген жылдыз бар, / Өзүнө туштук сыры бар, / Чыгыштан чыгып кечинде, / Кыбыла батар сыны бар, / Белдүү баатыр Чубакка, / Белги болуп ушулар, / Жол тартып кайта жөнөдү, / Таң агарып атканда, / Бир өзөнгө жөлөндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →