тушар

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Бутунун тушамыш салынуучу жери, чачыгынын үстү, адамдын кызыл ашыгынын үстү, ичке шыйрагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аркан бойу чойулуп, / Алып келип кийгизсе, / Тушарынан келди эле, / Алаштын баары таңданып, / Кандагай кийип ал Бозой, / Душманын карап шаңданып, / Тамак барбы мага деп, / Тиктеп калды тамшанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…деңиз, / Орто жерин Чигетей хан, / Өз эркинче башкарып, / Алым алып мал алып, / Ар кайсы жерге шаар салып, / Дардаңдап жүргөн ал Чиктей, / Анча-мынча кишини, / Тушарына теңебей, / Бендеби деп бейлебей, / Адамбы деп элебей, / Анжу, Манжу, Солондор, / Буга Шибе кошулуп, / Көз каранды чененбей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коңурбай кылып амалды, / (Анча-мынча жай билет) / Алдына салып шамалды, / Кайрылбай кетти Бейжинге, / Кайнаган кытай элине, / Жумурткадай мөндүрлөр, / Тушарга чыкты бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олпокту чечип күбүшүп, / Тушарга чейин ок түшүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Эңкейип алдын караса, / Олпокко келген жабышып, / Ок тушарга барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →