туша

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Алдынкы эки бутун кенен шилтей албай тургандай кылып байлаштырып коюу, тушамыш салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…чачырап, / Бүдөмүк тартып күдүңдөп, / Буулуккандай күжүлдөп, / Үндөрү күндөй күркүрөп, / Адамсыз талаа дүркүрөп, / Адырдакы айбанат, / Арыштап айак таштабай, / Тушагандай бүжүрөп, / Кызарып кыздан күн батып, / Агарып сүрүп таң атып, / Токсон күн калды аркада, / Айы үчкө барганда, / Жай-жайыңа кайткын, деп, / Жообун берди балдарг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кароолу дажаал, огу ажал, / Түтүнү туман, түбү испан, / Бургулап ичин түзөтөм, / Аткан огу жөн учпай, / Ажалдуу жанды издетем, / Тушагасы бир темир, / Тийген жери бир сеңир, / Чагарак ооз Алмабаш, / Ыңай-тура ылгабас, / Асынып жүрсө Аккелте, / Ай далынын белеги, / Атып жүрсө Аккелте, / Аманат жандын эрмеги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чагараак ооз алма баш, / Ыңгай туура ылгабас, / Тушак чаксасы эн темир, / Тийген жери бир сеңир, / Кароолу адам башындай, / Огу сайдын ташындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…чыкканда, / Жаштык кылып элебей, / Кайгы ойдон чыкканда, / Чуркап жетип барганда, / Тетири ишим чалганда, / Өлүмүш болуп чоң Ойрот, / Арамдык ойлоп жатканда, / Тушай эки бутумду, / Кетелек менен чапканда, / Эки буттун жилигин, / Катарынан чакканда, / Эмтеңдеген мендейдин, / Эбин минтип тапканда, / Мени кимдер кутказып, / Та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кыз каршы болот, бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →